Бүгүн Жогорку Кеңеште жазгы талаа иштерине карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө маселе каралат

Бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңеште жазгы талаа иштерине карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө маселе каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын жазгы талаа иштерине карата даярдыктын жүрүшү тууралуу маалыматты өкмөт берет.

Бул маселе 29-январда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында каралган.

Мындан тышкары бүгүнкү жыйындын күн тартибине "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору, "Инфляцияны эске алуу менен калктын кирешелерин индексациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан