Болсунбек Казаков 1974-жылы 15-февралда Талас облусунун Бакай-Ата районунун Маданият айылында туулган. Ал 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинен юриспруденция кесиби боюнча билим алган. Ал эми 2011-жылы Кыргыз экономикалык университетинин бухгалтердик учёт, анализ жана аудит адистигин аяктаган.
2000-2001-жылдары Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун Көзөмөлдөө башкармалыгынын инспекциялык бөлүмүнүн башкы адиси;
2001-2002-жылдары "Кыргызполиграфкомбинат" акционердик коомунун юристи;
2002-2011-жылдары Мамлекеттик мүлк жана түз инвестиция тартуу комитетинин көзмөлдөө-укук башкармалыгынын жетекчи орун басары, юридикалык бөлүмдүн башчысы;
2011-2014-жылдары Экономика министрлигинин банкрот иштери боюнча департаменттин директору;
2014-2017-жылдары Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору;
2017-жылдын январь айынан 23-ноябрга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп иштеген.
15-февралга карата жылнаама.