Тажикстандын Душанбе шаарындагы Хореографиялык окуу жайдын концертмейстери жана бий мугалими Саида Рустамова президенттин парламенттеги жылдык кайрылуусу маалында залдан чыгып кеткендиги үчүн жумуштан алынды.
Жумуштан алынган Саида Рустамова 14-февралда жумуштан кетирүү үчүн берилген арызда башка жүйөө жазылып турганын мындайча түшүндүрдү.
"Окуу жайдын директору тарабынан кол коюлган буйрукта "Салтанаттар залына барып, сыналгы аркылуу президенттин кайрылуусун угуудан баш тарткандыгы үчүн жумуштан алынсын", - деп турат. Бирок ал жерден орун болбогондуктан угууга мүмкүн болгон жок".
Ошондой эле мугалим аталган окуу жайда концертмейстер адиси жок экенин, төрт жылдан бери эки адамдын жумушун аткарып келгенин, чыгарылган чечимге каршы экенин билдирип, президенттик администрацияга жана Маданият министрлигине арызданганын кошумчалаган.
Ал эми окуу жайдын директору Кенжа Иброхимов концертмейстер жумуштан оройлугу жана буйрукту аткарбагандыгы үчүн айдалганын айтып, эгерде кызматкер ички тартиптерди бузуп, жетекчиликке орой мамиле кылганда ал жумуштан алынарын айткан.
Президент Эмомали Рахмон өткөн жылы 22-декабрда кайрылуу жасаган.