Даниянын ханышасы Маргрете IIнин жолдошу, 83 жаштагы консорт-ханзаада Хенрик 14-февраль күнү көз жумду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, январь айында ал ооруканага өпкөсүнүн рак илдети менен жаткырылган.
Хенрикке консорт-ханзаадасы деген наамды ага анын жубайы Маргрете II ыйгарган. Аталган титул жөнөкөй ханзаада даражасынан бийик, бирок консорт-ханы наамынан төмөн турган титул болуп саналат.
Айта кетсек, ханыша Маргрете II менен Хенрик 1967-жылы июнь айында баш кошкон. Алардын үлпөт тою Копенгагенде болуп өткөн. 49 жаштагы мураскор Фредерик жана 48 жаштагы Иоахим аттуу балдары бар.
Хенрик өмүрүнүн акыркы жылдарында королдук короодогу жашоосуна жана жубайы тарабынан ыйгарылган даражага да нааразычылыгын билдирип келген.