Депутат Икрамов Жалал-Абад шаарындагы кинотеатрдын тегереги базар болуп кеткенин айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Жалал-Абад шаарындагы кинотеатрдын тегереги базар болуп кеткенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-февралда парламенттин жыйынында билдирди.

"Быйыл "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыяланды. Жалал-Абад шаары эң ири шаарлардын бири. Шаарда кинотеатр бар. Кинотеатрга эл барып эс алыш керек. Муниципалдык жер деп мэрия тараптан тегерегин базар кылып салган. Кинотеатрга барган адамдар унаасын кайсы жерге токтотууну билбейт. Бул маселени карап чыгуу боюнча өкмөткө протоколдук тапшырма берсек. Эмне үчүн базар болуп кеткен? Бул маселени чечүү үчүн жарандар мэрияга кайрылса, көп жылга ижарага берилип кеткен экен. Шаардын көркүн чыгарып, кинотеатрды эл эс ала турган жайга айландырышыбыз керек", - деди Икрамов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tttalant
2018-02-15 10:03:07
Тура соз....
0
keba300989
2018-02-15 12:24:14
колдойм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан