Тогуз-Тородо дайынсыз болуп жаткан эки малчынын жансыз денелери табылды

Тогуз-Тородо дайынсыз болуп жаткан эки малчынын жансыз денелери табылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Бүгүн, 15-февралда саат 08:30дар чамасында дайынсыз болуп жаткан 42 жаштагы С.Чоялиев жана 29 жаштагы С.Айылчиевдин кар алдынан жансыз денелери табылды. Издөө иштерине жалпы 36 адам катышты", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, буга чейин Тогуз-Торо районунун Бирдик айылынан мал издеп чыгышкан, 2 тургун дайынсыз болуп, изделип жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ruskarakol
2018-02-15 10:04:11
байкуштар ыйманы саламат болсун
+2
Batma08
2018-02-15 10:34:09
Не болушту экен а
0
salimbek87.kg
2018-02-15 11:24:01
Жакындарына сабр берсин жаткан жайы жайлуу болсун Аамин.
+1
gul3ina
2018-02-15 11:38:46
Жаткан жерлери жайлуу болсун,ыймандары саламат болсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан