"Ата Мекен" фракциясынан депутат Эмил Токтошев өлкөнүн түндүгүнөн түштүгүнө жүктөрдү темир жол аркылуу ташууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Түндүктөн түштүккө жүк ташууда "Кыргыз темир жолунун" тарифине көңүлүңүздөрдү буруп кетсем. Завод, фабрикалар түндүктө курулуп калган. Тактап айтсам, Чүй облусунда. Сырттан келген импорт товарлар толугу менен Бишкекке ташылып келип, кайра автоунаага жүктөлүп Ошко кетет. Эмне үчүн биз жүктөрдү темир жол менен ташыганды чече албай жатабыз? Анткени темир жолдун тарифи кымбат. Биздин Өзбекстан менен мамилебиз жакшы болуп калды. Өкмөт буга көңүл буруп, өзбек тарап менен тариф боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, арзандатсак ишкерлер өздөрү темир жолго өтүп кетишмек. Жүктөрдү темир жол менен ташысак Бишкек-Ош жолундагы кырсыктарга бөгөт коёт элек. Жол сапаттуу болмок. Жалпы экономикага жакшы таасирин тийгизмек", - дейт депутат.