Алмазбек Эргешов Аксыда тактала элек Кыргыз-Өзбек чек ара тилкесин атады

Аксыда 12 миӊ жашоочусу бар Авлетим айылындагы оорукана жаӊыдан курулууга муктаж. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Алмазбек Эргешов билдирди. Айтымында, тийиштүү органдар 1958-жылы курулган бул оорукананы оӊдоп-түзөөгө болбойт деп чечим чыгарышкан.

"Оорукана Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондорун Таш-Көмүр шаары менен байланыштырган жолдун боюнда жайгашкан. Ар кандай кырсыктар болот, бирок жабырлануучулар бул ооруканадан жакшы жардам ала албай жатышат. Быйыл болбосо да кийинки жылдарга сметасын аныктап, долбоорун түзүп, оорукананы жаӊыдан курууну баштасак", - деди Эргешов.

Эл өкүлү өкмөттү Аксы районундагы Дерес айылынын чек арасын тактоого чакырды. Буга чейин Кыргыз-Өзбек чек арасынын 85 пайызы такталып, 15 пайызы калганы айтылган. Аталган айыл ошол 15 пайызга кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aerforce
2018-02-15 11:54:58
Азаматсыз ошондой маселелерди которсонор депутаттар анан коментарияга 20мин айып пул дебей эл оз ойун жазганга укуктууда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан