Кыргыз-Тажик чек арасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн саат 04:30дар чамасында катталган. Анын очогу Тажикстандын аймагында Алай районунун Бор-Дөбө айылынан 25 чакырым түштүк-чыгыш тарабында жайгашып, күчү 4 баллга жеткен. Аталган жер силкинүүнүн күчү Бор-Дөбө айылында 3 баллга чейин жеткен.