Бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Казакбаев экономиканы көмүскөдөн чыгаруу керектигин айтты.
Анын айтымында, коррупциянын жана бюрократиянын айынан бюджетке чоң суммадагы салык түшпөй жатат. "Бизнести көмүскө зонасынан чыгарыш керек. Өлкөнүн экономикасы өсүш үчүн капиталды мыйзамдаштыруу зарыл. Мисалы, Түркия 1998-жылы коммерциялык банктардан 20 миллиард долларды көмүскөдөн чыгарган. 2001-жылы АКШ 480 миллион долларды көмүскөдөн чыгарган. Биз экономикабызды көмүскөдөн чыгармайынча "Жаңы доорго 40 кадам" ишке ашпайт. Укуктук талаага өтүү керек. Көмүскөдөгү акчаларды чыгарыш керек", - деди Казакбаев.