Министрлик: "Өткөн жылы өлкөдө рак илдетинен 18 бала каза болду"

2017-жылы өлкөдө рак илдетинен 18 бала каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардам жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын жетекчиси Саматбек Тойматов билдирди. Мындай маалыматты ал 15-февраль - Эл аралык рак илдети менен жабыркаган балдардын күнүнө карата өткөрүлгөн маалымат жыйынында айтты.

"Учурда балдардын бул илдетин дарылоо мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыйла жакшырды. Айтсак, 2017-жылы эле Бишкек шаарындагы балдардын онкологиялык ооруканасынан 630 бала дарыланып чыкты. Бирок, тилекке каршы, бул илдеттин курмандыгы болгондор да бар, өткөн жылы рак илдети менен ооруган 18 бала илдеттен улам каза болушту", - дейт Саматбек Тойматов.

Андан сырткары ал бул оору менен ооруган балдарды Саламаттыкты сактоо министрлиги 90 пайыз бекер дары-дармектер менен камсыздай турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан