"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Махабат Мавлянова Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишине жолтоо болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Өлкө аймагындагы медициналык мекемелердин иштөө саясатын Саламаттыкты сактоо министрлиги, ал эми каржы саясатын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жүргүзөт. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башкы милдети калктын калыӊ катмарын арзан жана сапаттуу дары-дармектер менен камсыз кылуу болуп саналат. Бирок өзүнүн мындай милдетинин өтөөсүнө чыга алган жок. Биз коӊшу Казакстандын алгылыктуу тажрыйбасын колдонушубуз керек. Саламаттыкты сактоо тармагына бөлүнгөн каражаттын баары Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна түшөт. Анын кызматкерлери жөндөп иштей албай, тескерисинче, Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишине жолтоо болууда. Мындай абал боюнча биздин кайрылуулар жоопсуз калып келет. Өздөрү иштей албаса, ыйгарым укуктарын Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүп берсин", - деди Мавлянова.