Каржы министри: "2018-жылы бюджеттен жөлөк пул төлөө үчүн 7 миллиард 8 миллион сом бөлүнөт"

2018-жылы республикалык бюджеттен жөлөк пул төлөө үчүн 7 миллиард 8 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

“2012-жылы республикалык бюджеттен жөлөк пул төлөө үчүн 3 миллиард 2 миллион сом бөлүнгөн. 2017-жылы 6 миллиард сом бөлүнсө, 2018-жылы 7 миллиард 8 миллион сом бөлүүнү карап жатабыз”, - деди министр.

Мындан тышкары министр 2018-жылы айлык маяна төлөө үчүн бюджеттен 41 миллиард сом бөлүнө турганын айтты. “2012-жылы айлык маяна төлөө үчүн 14 миллиард 3 миллион сом бөлүнгөн. Быйыл 2012-жылга салыштырмалуу үч эсе көп каражат бөлөбүз”, - деди Касымалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bars111
2018-02-15 20:38:49
Мындан тышкары министр 2018-жылы айлык маяна төлөө үчүн бюджеттен 41 миллиард сом бөлүнө турганын айтты. “2012-жылы айлык маяна төлөө үчүн 14 миллиард 3 миллион сом бөлүнгөн. Быйыл 2012-жылга салыштырмалуу үч эсе көп каражат бөлөбүз”, - деди Касымалиев

Жолдош Касымалиев инфляцияны да эске алып койсоңуз. 2012- жылдагы азык түлүктүн баалары менен 2018-жылдагы азык түлүктү.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан