Алып баруучу Нурзат Токтосунованын атасы Курманбай уулу Темирболот 84 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул маалыматты SUPER.KG порталына бүгүн, 15-февралда алып баруучунун өкүл энеси Замира Молдошева тастыктады.
Анын айтуусуна караганда, алып баруучунун атасы эртең, 16-февралда Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ичке-Суу айылында жерге берилет.
"Нурзат кечээ, 14-февраль күнү кечинде Египеттен учуп келди. Атасы көптөн бери ооруп жаткан эле. Сөөгү эртең өз айылында жерге берилет", - деди Замира Молдошева.
Буга чейин Нурзат Токтосунова алып баруучуларды таптаган "Нур" мектебинин окуучулары менен Египетте жүргөнүн айткан болчу.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Нурзат Токтосунованын атасы көз жумганына байланыштуу анын үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.