Бишкектин 200 тургуну жашап жаткан үйлөрүн сактап калуу үчүн президентке кайрылышты

Бишкек шаарынын 200 тургуну жашап жаткан үйлөрүн сактап калуу үчүн президентке кайрылышууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Бишкек шаарынын Термечиков көчөсүнүн тургуну Руслан Шамканов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, мамлекет алардын мыйзамдуу түрдө сатып алышкан жерлерин камакка коюп, тартып алып жатат.

"Термечиков жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 76 сотых жерди 2003-жылы “Аккула” ачык акционердик коомунан Капарбек Турсунов аттуу адам менчик катары сатып алган. Кийин 2007-жылы Тынчтыкбек Акматбеков аттуу адамга саткан. 2010-жылдан тартып Акматбековдон жерди эл бөлүп-бөлүп сатып алышып, үйлөрүн куруп башташкан. Ал эми 2013-жылы мамлекет “Аккула” ААКсынын келишимин жокко чыгарып, жерди камакка алды. Кийин райондук сот да, шаардык сот да алардын пайдасына чечип, биз утулуп калдык. Буга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбековдон бул маселени адилет чечилүүсүнө көмөктөшүүсүн суранабыз", - дейт Руслан Шамканов.

Ал эми маалымат жыйынына катышкан аталган жер тилкелеринин биринин ээси Касиет Абдраева соттор мыйзамсыз чечим менен алардын жерлерин мамлекетке тартып алып бергени жатканын айтат.

“Аккула" ат майданынын жанында жайгашкан Термечиков 1 дарегиндеги 4 кабаттуу турак жай жана 14 жер тилкеси бар. Прокуратура сот аркылуу тартып алганга аракет кылып жатат. Бизде жердин тийиштүү документтери бүт бар. Кандай негизде тартып алууга аракет кылышууда билбейбиз. Буга чейин Жогорку Сотко, Жогорку Кеңешке жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге да кайрылганбыз, бирок жыйынтык чыккан эмес”, - дейт Касиет Абдраева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ayida
2018-02-16 08:14:05
Уят элди алдабагыла акча учун ыйлатпагыла жаман болот акыбалынар акыретте да бу дуйнодода
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан