Депутат Сабиров: "Министр, чиновниктердин эле айлыгы жогорулап жатат"

Бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңеште “Инфляцияны эске алуу менен калктын кирешелерин индексациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечи депутаты Максат Сабировдун айтымында, азыркы учурда азык-түлүк наркы жана башка тейлөө кызматтарынын кескин кымбаттап жаткандыгына карабастан, калк кирешелерин ошого жараша индексациялоо чаралары көрүлбөй жатат. Ошондуктан депутат аталган мыйзам аркылуу кирешелерди жылына инфляция өлчөмүнө жараша индексациялап туруу талабы сунушталып жатканын айтты.

Депутат Таабалды Тиллаев бул мыйзам долбооруна өкмөт каршы болгонун айтты. “Мыйзам долбоору 2012-жылы киргизилген. Өкмөт мыйзамды ишке ашыруу үчүн бюджетте каражат жоктугун билдирди. Ошондуктан парламенттин Бюджет жана финансы комитети мыйзам долбоорду четке какты”, - деди Тиллаев.

Сабиров 5 500 сомдон аз айлык алгандардын маянасын көтөрүү зарыл экенин айтты.

“Өкмөт айлык маяна көтөрүлгөнүн айтып жатат. Министр, чиновниктердин айлыгын көбөйтүп жатасыңар көрүп жатабыз. 5 500 сомдон аз айлык алгандардыкы ошол бойдон турат. 6 жыл мурун эрте деп айттыңар эле. Канча убакыт өттү, жыйынтык жок. Эрте болгондо ошондо качан ишке ашат? Дагы 6-7 жыл керекпи?” - деди Сабиров.

Каржы министри Адылбек Касымалиев былтыр сентябрь айында айлык көбөйтүлгөнүн белгиледи. “Былтыр министрликтерде иштеген жөнөкөй адистердин айлыгы 50 пайызга, жетекчилердики 10 пайызга көбөйдү”, - дейт министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asat17
2018-02-15 14:36:03
Негизи ондурушту жандантып айлык акыны айыл жеринде минималдуу он беш минге алып барса жакшы болмок.
+1
meku89
2018-02-15 17:47:12
Кобойду деп эле атышат билбейм кимдики кобойгонун. Биздики кобоймок тургай кенедей 5000 сомдон да 50-100 сомдон кармап калышат. Ток бала ач бала менен ойнобойт деген заманда жашап жатабыз го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан