Каракол шаарындагы мамлекеттик 15 бала бакчага видеокөзөмөл орнотулат

Каракол шаарындагы 15 бала бакчага видеокөзөмөл орнотулат. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда SUPER.KG порталына Каракол шаардык кеңешинин депутаты Азамат Айтбаев билдирди.

Айтбаевдин айтымында, 12-февраль күнү шаардык кеңештин депутаттары кезектеги жыйында 15 бала бакчага видеокөзөмөл орнотуу үчүн бюджеттен 850 миң сом бөлүү чечимин кабыл алышкан.

"Жакында эле Каракол шаарындагы бала бакчалардын биринде болгон окуя видеокөзөмөл орнотууну шарттап жатат. Шаардык бюджеттен 850 миң сом бекитилди , эми болжол менен бир ай ичинде сметасы түзүлөт. Андан кийин тендер уюштурулуп, аны жеңген компания 15 мамлекеттик бала бакчага видеокөзөмөл орнотуп берет", - дейт Айтбаев.

Айта кетсек, буга чейин Караколдогу №14-бала бакчада тарбияланып жаткан 2 жашар баланы аймактык ооруканага тарбиячысы оор абалда алып келген. Баланын бир күндөн кийин каза болуп калганы кабарланган. Учурда баланын өлүмү боюнча иликтөө иштери дайындалып, жыйынтыгы 1 айдан соң белгилүү болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Sizge.kat
2018-02-15 15:33:28
Азаматматсынар аябай эрте оз убагында орноткон атасынар
+1
BekAmir
2018-02-15 16:22:51
Олко боюнча коюш керек
+2
Nendi15
2018-02-15 18:09:23
Ар бир бала бакчага баардык жерине коюш керек.Аллахтан корпой иштеген кызматкерлер камерадан коркуп жакшы иштешер бекен
+1
PeRa
2018-02-15 19:21:24
Видео козомолду интернетке улап койсо, ата энелер интернеттен карап турушмак балдары, тарбиячылар эмне кылып жатканын.
+1
alikgz
2018-02-15 20:34:52
тоок жем жегендей кылбай олконун ар бир район айылдарына бирдей койгула,


0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан