Кыргыз өлкөсүндөгү кийим тигүүчү ишканалар Парижде өткөн көргөзмөгө катышты
Кыргыз өлкөсүндөгү кийим тигүүчү ишканалар Парижде өткөн эл аралык көргөзмөгө катышты. Ишканалардын биринин башчысы Азимкул Жолдубаевдин айтуусу боюнча, көргөзмөгө катышуунун максаты - Кыргыз жеринде тигилген кийимдерди дүйнө жүзүнө таанытуу.
"Парижде өткөн көргөзмөгө 2-жолу катыштык. 1-жолу барганыбызда эмне товар керектүү, биздики өтөбү-өтпөйбү деген суроолорго жооп алып, бизден тигилген кийимдер Европанын кийимдери менен сапаты, үлгүсү жагынан тең тайлаша аларын билгенбиз. Бул сапар бизде тигилген кийимдерди тааныталы деген ойдо бардык. Болочокто Кыргыз өлкөсү текстиль тармагы менен дүйнөгө таанылсак болот деген ишеничтемин. Биздин кийимдерге дүйнөнүн ар бурчунан келген дизайнерлер, ишкерлер кызыгышты", - деди Азимкул Жолдубаев.
Иш-чарага Кыргыз ишканалары Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID'дин демилгеси долбоорунун колдоосу менен катышууда.