Сапар Исаков: "Айыл чарба министрлигинде 5 280 адам иштеп жатат. Кыскартуулар болот"

Премьер-министр Сапар Исаков Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министрлиги боюнча акыркы убактарда көп сын-пикирлер айтылып жатканын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Аталган министрлик боюнча көп сын-пикирлер айтылып жатат. Сын-пикирлердин көбү менен макулбуз. Акыркы жылдары министрликте реформа жүргөн эмес. Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министрлиги статистика менен эле алектенип калган. 3 ай мурун тиешелүү функционалдык анализ жүргүзүп баштаганбыз. Бүгүнкү күндө министрликте 5 280 адам иштеп жатат. Кыскартуулар болот", - деди өкмөт башчы.

КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаровдун айтымында, сын-пикир айтылганы менен, министрлик жакшы иштеп жатат.

Эске салсак, 19-январда КСДП фракциясынын жыйынында депутат Иса Өмүркулов аталган министрликтин жүргүзгөн ишине нааразы болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jbolotov
2018-02-15 16:57:42
Кыргызстан агрардык олко болгону менен Айыл чарба министирлигинин эч кандай пайдасы жок, тетирисинче зыян, мындай министирликти жаап салыш керек! Министрилктин чыгымдары алган айлыктары, байланыш, концеляря, эмерек компьютер ж.б менен эсептесенер мамлекетке бир жылда жарым миллиард зыян келтирсе керек. Дыйкандар озу менен озу, жадакалса даяр продуцияны сатканга министрилик жардам береалбайт.
+1
kyrgyz.kg83
2018-02-15 17:31:10
jbolotov,туура сөз айтын 100% кошулам,айыл чарба министри деген аты еле болбосо,дыйкандарга жардам бергенин уга елекмин
0
isabek1977
2018-02-15 19:10:01
Жакшы иштеген 50 кызматкер калса жетиштуу болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан