Өзбекстан Баткен облустук ооруканасына 2 "Тез жардам" унаасын белек кылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге бүгүн, 15-февралда Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Алардын айтуусуна караганда, ал Кыргыз-Өзбек элдеринин ортосундагы достукту чыңдоо максатында белекке ыйгарылган.
"Бүгүн, 15-февралда Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчиси 2 "Тез жардам" унаасын Баткен облусунун жетекчисине тапшырып берди. Өзбекстандан чыгарылган Daewoo Damas үлгүсүндөгү унаалар эми Баткен облусунун тургундарына кызмат кылат", - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.