Бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңеште жазгы талаа иштерине карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө маселе каралып жатат. Премьер-министр Сапар Исаков маалымат берип жатат.
Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев: "Талкуу, суроо берүү үчүн 70 депутат сүйлөйт экен. Азыр саат 15:23 болду. Ошондо жыйын саат 21:00гө чейин уланат. Бир фракциядан 2 же 3 депутат сүйлөсө туура болот. Суроолорду кайра-кайра кайталоонун кажети жок. Эшикте кыш болуп жатат. Ат-Башыга барсам тоңуп өлүп калгандар бар экен. Карышкырлар атылбай жатат. Сапар Исаковдун жанында тоодой, таштай болгон Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министрлиги отурат. Карап көрсөң жасаган эч нерселери деле жок. Жакшы министрлер көп, бирок жамандары андан да көп. Баарыңар аракет кылып жатасыңар. Бирок тил менен эмес, иш менен көрсөткүлө", - деди Жолдошбаев.
"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев сүйлөгүсү келбеген депутаттар суроого жазылган болсо тизмеден чыгып кетсин деген пикирин айтты. "Биз өкмөткө сын-пикир эле эмес, сунуш дагы айтабыз. Ким сүйлөгүсү келбесе тизмеден чыгып кетсин", - деди Жээнчороев.
Жолдошбаевдин сунушу добушка коюлуп, колдоо тапкан жок.