Сапар Исаков Дмитрий Медведев менен бензиндин баасы боюнча эмне деп сүйлөшкөнүн айтып берди

Бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында жазгы талаа иштерине карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө маселе каралууда. Иш-чарада премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп беришүүдө.

Анын жүрүшүндө күйүүчү майлардын баасынын кымбаттап жатканы боюнча маселе көтөрүлдү. Депутаттар акыркы 3 айдын ичинде бензиндин баасы 3 сомго көтөрүлгөнүн айтышты.

Сапар Исаков Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен бул маселе боюнча сүйлөшкөнүн айтып берди. "Орусия өзү өндүргөн күйүүчү майдын баасын дүйнөлүк бааларга салыштырып коёт. Акыркы 2 жылда Орусия К-4, К-5 стандартка өтүүдө. Буга байланыштуу баа өсүп жатат. Көтөрбөгүлө деп айта албайбыз", - деди Исаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ankel
2018-02-15 15:51:09
Бензинди жалаң гана Орусия эмес, Иран, Кувейт тараптан алып келүүнүн жолдору жок бекен. Андан да жакшысы бара бара бензиндин ордун баса турган электромобилдерди көбөйтүүнү колго алуу керек.
0
Isco23
2018-02-15 16:52:22
Ankel,электромобилди тек эле койбопсун))
+1
jbolotov
2018-02-15 16:41:30
Бааларды которуп саясатын баштасада Кыргыз мамлекетине тиешелуу эч нерселерди Россияга откоруп бербегиле. Куйуучу майлоочу заттарды Казахстан Иран Туркменистан, Озбекстан менен суйлошсо болотко, саясий эрк жок болуп атат. 2018 февраль айы боюнча Туркменистанда 95 маркадагы бензиндин кымбаттаган баасы 29 сом экен.
+1
Isco23
2018-02-15 16:53:47
jbolotov,туркменстанда нефть чыгат арзан. Ал оз элин жонле багат. Мисалы электр энергиясы бекер да ал жакта бензин деле почти бекер биздин пулга салыштырганда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан