Сапар Исаков ЕАЭБ өлкөлөрүнө Кыргыз мамлекетинин товарларын эмнеге өткөрбөй жатканын айтты

Премьер-министр Сапар Исаков кооператив жана логистикалык борбордун жардамы менен ЕАЭБ өлкөлөрүнө Кыргыз мамлекетинин товарларын өткөрүү маселесин чечсе боло турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз өлкөсүнүн айыл чарбасында жетиштүү товардын түрлөрү жок. “ЕАЭБдин кабыл алынган техникалык регламентине ылайык, биздин көп азык-түлүктөрүбүз өтпөй жатат. Бул маселени чечүү максатында “Жаңы доорго кырк кадам” программасынын негизинде кооператив түзүлөт. Кооператив товарлардын түрлөрүн көбөйтөт. Учурда "жол картанын" алкагында лабораториялар курулуп жатат”, - деди Исаков.

Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин айтымында, өлкөнүн түштүк аймагында логистикалык борборлор ачылып жатат. Министр билдиргендей, логистикалык борбор ачуу максатында орусиялык компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
jbolotov
2018-02-15 16:50:45
Ушундай ЕАЭБ тин Кыргыз мамлектине кереги бар беле? Озбекстан эч кандай ЕАЭБ ТС биримдигине кирбей эле Россияга момо жемиштерин жакшы сатып атат, эмне учун анда алардан ТС стандартын сурабайт? Демек ЕАЭБ жон эле саясат экени корунуп турат,мындай союздан чыгып ВТО менен биз Кытай товарларын алып сатуудан чон пайда тапсак болот.
+1
Va.vasm
2018-02-15 21:14:50
jbolotov,Кирбесек да болмок эмес союзга. Башка жагынан кысып коймок. Бир эле орустар эмес, баардык кучтуу мамлекеттер эки жуздуу саясат жургузушот.
+1
jbolotov
2018-02-15 22:53:35
Va.vasm, Озбекстанды неге кысбайт? Тажикстанды кысбайт? Анткени Кыргызстан Атамбаев рзу барып Россияга сырын алдырган, Бакиевди кетирууго Кремл Атамбаев менен аралашкан деген кептер бар, Атамбаев Кремлден озунун арты учун коркмок. Ошондуктан Путин биротоло Атамбаевди минип алган саясат болуп келди.
+1
ekaterinburg
2018-02-16 07:47:08
jbolotov,Тажикстанды,Озбекстанды кысып эле атышат.Патент,регистрация деген немелерди кымбаттатып койду го.Ошол мамлекеттердин жарандарынан сурап кор,ишенесин.
-1
Atas
2018-02-15 17:10:12
Ушул ЭАЕБ ке киргенден бери баары кымбаттады
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан