Өкмөт "Айыл чарбасын каржылоо - 6" долбоорун бекитти. Тийиштүү токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун 15-февралда өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 3 жыл деп белгиленген, каржы булагы - республикалык бюджет, коммерциялык банктардын жана каржы уюмдарынын каражаты. Долбоордун алкагында жеке жарандар 100 миӊ сомго чейин, насыялык топтор 500 миӊ сомго чейин күрөө койбостон туруп кредит ала алышат. Берилүүчү кредиттин суммасы 426 миллион сом. Жыл ичинде бул сумма дагы көбөйүшү күтүлөт.
Долбоордун максаты – дыйкандарга 2017-жылкы жазгы талаа иштерин өз убагында жүргүзүүгө шарт түзүү, мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармагын жеңилдетилген насыя менен камсыздоо.