Бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңеште жазгы талаа иштерине карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө маселе каралып жатат.
"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Акылбек Жамангулов Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайын жана мелиорация министрлиги Улуттук статистика комитетинин бир бөлүмү эле болуп калганын айтты.
"Министрликтин бюджети 2 миллиард 700 миллион сом, анда 6 миӊден ашуун адам иштейт. Борбордук аппаратынан тышкары, өлкө аймагынын баарында бөлүмдөрү бар, алар үчүн шарттар түзүлгөн. Кызматтык автоунаалары бар. Ошого карабастан, алар өз алдынча жумуш жасабай жатат. Улуттук статистика комитетинин бир бөлүмүнүн милдетин гана аткарып, аш-тойлордон колдору бошобой калды. Мындай министрликтин бизге кандай зарылчылыгы бар?" - деди депутат.
Анда министр Нурбек Мурашев министрликтин айылдардагы кызматкерлерине унаа каралбаганын эскертти.
Премьер-министр Сапар Исаков ушул тапта өкмөт түзүмүндө өзгөрүүлөр болуп жатканын, айыл чарба тармагын реформалоонун жүрүшүндө эл өкүлдөрүнүн мындай пикирлери сөзсүз түрдө эске алына турганын айтты.