Сайдулла Нышанов: "Эски унааларды 10 чакырым айдап, 10 саат оӊдойсуӊ"

Депутат Сайдулла Нышанов айыл өкмөттөрүнүн кызматтык унааларын жараксыз деп баланстан чыгаруу ишин жөнөкөйлөтүүнү сунуштады. Сунушту депутат Жогорку Кеӊештин 15-февралдагы жыйынында айтып чыгып, өкмөттөн көӊүл бурууну суранды.

"Айыл өкмөттөрү айдап жүргөн автоунаалар эскирди. Бирок аларды баланстан чыгаруу кыйынчылык жаратып жатыптыр. 30 миӊ сомдук унааны баланстан чыгаруу үчүн 200 миӊ сомдук чыгым кылуу керек экен. Муну жөнөкөйлөтсөк, Орусиянын жаӊы Ниваларын алып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Билесиӊер, эски автоунааны 10 чакырым айдап, 10 саат оӊдойсуӊ", - деди Нышанов.

Премьер-министр Сапар Исаков бул маселени өкмөт карап чыгарын билдирди.

Жогорку Кеӊеште өкмөттүн жазга даярдыгы талкууланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Beka9393
2018-02-15 17:10:23
Эски эмес ал нивалар жап жаны эле 2007, 2008-жылы чыгарылган автоунаалар.
Бюджеттен ушинтип жей берет экенсинерда.
+10
Krai
2018-02-16 12:37:41
Beka9393,машиналарды эмес ошол машина айдай турган окмотту алмаштырыш керек
0
gute
2018-02-15 17:12:22
Ал машиналар эски эмес жаны машиналар просто Мамлекеттин машинасы деп эле карап оз машинасындай аярлап айдашпайт ошон учун тез эле талкаланып калган байкуш машиналар.
+13
Nurik1988
2018-02-15 17:16:06
Бул да болсо бир жагынан жейин деп ататта
+9
jbolotov
2018-02-15 17:30:19
Кыргызстанда кызматтык машиналар салыштырмалуу жаны эле болгону менен Россия ондурушунон чыккан Нива Жигулилер жаны болуп ордунда туруп эле бузулуп калатурган машиналар, экинчиден кызматтык машинаны бир адамдын жоопкерчилигине бербесе аны эч ким карабайт, жадакалса майын сатып эскиси менен журоберет. Атамбаевдин келесоо саясаты Япониядан жакшы машиналарды алууну токтотуп эми жонокой эл эскини эптеп же Россиянын чириген жигулисине ишибиз тушуп атат.
+3
Mehazahn57
2018-02-15 17:31:24
Кеп машинада эмес, ошол айыл окмоттордун кылган жумушунда. Оз милдеттерин так аткарышпай, элдин эсебинен байып жатышат. Керек болсо ал айыл окмотторго озунор сатып алгыла десе да болот. Эски машинада карапайым калк деле журот бир жакшына эле.
+3
jibew
2018-02-15 19:18:45
С Нышанов кудайды карап суйлочу! Айыл окмоттун нивалары 2003-2004 -жылкы. Булар жаны машинага кирет. Карапайым калк 1985-1995- жылкы эле машиналарды айдап журушот ондоп тузоп эле.
+3
Janyjol.86
2018-02-15 19:25:49
аксы рай н жаны жол айылына мындан он жыл мурун жаны нива авто унасы берилген .он жылдын ичинде 4 айыл окмот алмашты биринчиси озу одарды мас болуп 2 си бироого берип ал одарды 3 су ал мас болуп бир жерди сузду ошону мн ал нива жок болду.эми жеке менчик унааны жалдап айжап журушот .а менин кошунам 1985 жылкы жигулини жакшына кылып карап тыпыйтып айдап журот .отмотко техника алышка эл милдетту эмес
+2
Sizge.kat
2018-02-15 19:54:25
Зопорожести деле 10 чакырым айдап 10 саат ондобойт кучугум айткандарынардын баары карандай калп элди келесоо ойлоп акылдуу болосунар эптеп акча жеш керек
+4
bond02
2018-02-15 23:20:22
машина ондогунар келбесе биринерди биринер минип алып жургуло да.
0
juma11anara
2018-02-15 23:30:58
2001-жылы чыкан машинени 1 жылда бир жолу ондотом. Талаа барбы, түз барбы айдап жүрүп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан