Депутат дыйкандардын алган насыяларынын кайтаруу мөөнөтүн карап чыгууну сунуштады

Бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңеште жазгы талаа иштерине карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө маселе каралып жатат. Депутат Аалы Карашев дыйкандардын алган насыяларынын кайтаруу мөөнөтүн карап чыгууну сунуштады. Анын белгилешинче, насыя алуу жана пайыздарын кайтаруу шарттары дыйкандарга кыйынчылык жаратууда.

Ал эми "Айыл Банктын" жетекчиси Мурат Акимов дыйкандар насыянын пайызын чарбалык мезгилге карата төлөп жатканын айтты.

"Январь айынын башынан бери дыйканчылык иштер үчүн насыя алууга арыз берип, кезекке тургандардын саны 8 миңге жетти. Эгерде дыйкан 3 миллион сомго чейинки көлөмдөгү насыя алчу болсо, мамлекеттик банктын аймактардагы бөлүмдөрүнөн, андан жогорку суммада насыя алчу болсо банктын Бишкектеги башкы кеңсесинен алат. Андан сырткары, насыяны кайтаруу мөөнөттөрү чарбалык мезгилге карата коюлган. Белгиленген убакыт бүткөндөн кийин дыйкан насыянын пайызын, андан кийин негизги бөлүгүн төлөйт", - деди Акимов.

Өкмөттүн маалыматы боюнча 2017-жылы 15 миӊ дыйкан чарбасына 7 миллиард 65 миллион сом өлчөмүндө жеӊилдетилген насыя берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан