Жогорку Кеңеш жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшү боюнча токтом кабыл алды

Бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңеште жазгы талаа иштерине карата даярдыктын жүрүшү боюнча өкмөттүн маалыматы угулду. Аталган маселе боюнча депутаттар өкмөткө бир катар тапшырмаларды берип, өздөрүнүн сунуштарын айтышты.

Талкуу учурунда депутат Иса Өмүркулов тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуучу азык-түлүктөрдүн 50 пайызы сырттан кирерин айтып, бул тармакка өзгөчө көңүл буруу зарылдыгына токтолду. Ошону менен катар айыл чарбасына тиешелүү илимий институттардын орду канчалык экенин талдап, ага жараша чечим кабыл алууну сунуштады.

Мындан сырткары, Өмүркулов өкмөттү айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүгө дагы өзгөчө маани берүүгө чакырды. Анын билдиришинче, муну менен жумушсуздук, ички миграция маселелери чечилерин чечмелеп берди.

Депутаттар талкууланган маселе боюнча кабыл алынуучу Жогорку Кеңештин токтомуна бир катар сунуштарын беришти. Депутат Кенжебек Бокоев уяң жүндүү койлордун санын көбөйтүү маселесин токтомго киргизүүнү сунуш кылды.

Соңунда сунуш-пикирлерди эске алуу менен жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө өкмөт башчы Сапар Исаковдун маалыматын эске алуу боюнча Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан