Нью-Йорктогу журналисттерди коргоо комитети Кыргыз өкмөтүн журналист Элнура Алкановага коюлган айыптан баш тартууга чакырды. Бул тууралуу журналисттер уюмунан кабарлашкан.
Мындай билдирүүдөн кийин ЕККУнун массалык маалымдоо каражаты маселелери боюнча өкүлү Арлем Дезир комментарий берди. Ал өзүнүн социалдык баракчасына "Журналисттик иликтөө - сөз эркиндигинин ядросу, андыктан ар бир журналист жасаган иши үчүн сот жообуна тартылбашы керек", - деген билдирүүсүн жазып чыккан.
Эске сала кетсек, "Бишкектеги "Идеал Хаус" VIP-шаарчасынын сатылышы боюнча чырлуу бүтүмдүн артында ким турат? II бөлүк" деген журналисттик иликтөө материалы үчүн Элнура Алкановага Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы 2 берене - 193-берене (коммерциялык же банктык жашыруун сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз алуу) жана 194-берененин (коммерциялык же банктык жашыруун сырды таратуу) негизинде айыптаган. Учурда иш Бишкек шаардык прокуратурасына өткөрүлүп берилген.