Сапар Исаков: "Кыргыз мамлекети кандай учур болбосун К4 жана К5 экологиялык класстагы күйүүчү майды пайдаланып баштайт"

Кыргыз мамлекети кандай учур болбосун ЕАЭБдин талаптарына ылайык К4 жана К5 экологиялык класстагы күйүүчү майды пайдаланып баштайт. Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков Жогорку Кеңештин 15-февралдагы жыйынында айтты.

Буга чейин депутат Мирлан Жээнчороев Орусия менен болгон келишимге ылайык, Кыргыз мамлекетине 2018-жылы ташылып келчү 300 миң тоннадан ашык күйүүчү май салыктан бошотулганын айтып, өкмөт башчыны күйүүчү май сатып алчу компаниялардын монополияга каршы саясатына көңүл бурууга чакырган.

"Декабрь айынан ушул күнгө чейин күйүүчү майдын баасы 39 сомдон 42 сомго жогорулады. Нефтетрейдерлер ассоциациясы буга чейин февраль айынан баштап күйүүчү май 6 пайызга кымбаттай турганын айткан. Бул 1,5-2 сомго кымбаттайт дегендик. Бул туура эмес саясат", - деди Жээнчороев.

Сапар Исаков бул маселе боюнча Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен сүйлөшкөнүн айтты.

"Орусия дүйнөлүк баага салыштырып, бааны өзүнө өзү коёт. Ошондой эле акыркы эки жыл аралыгында Орусия нефти чыгаруучу заводдорун жаңылап К4 жана К5 экологиялык класстагы күйүүчү майга өткөн. Кийинки жылы толугу менен К5 класстагы күйүүчү майга өтөт. Ошондуктан баа бир азга жогорулап жатат. Тилекке каршы, биз дагы бааны көтөрбөө талабын коё албайбыз.

Андан сырткары биз ЕАЭБдин техникалык регламенттерине ылайык кандай учур болбосун К4 жана К5 экологиялык класстагы күйүүчү майды пайдаланууга өтөбүз. Ага даяр болушубуз керек. Биздин заводдордун бул стандарттарга өтүүгө даяр болбосо, иши токтойт", - деди Исаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2018-02-15 23:12:35
Газга өткөзөбүзго бензин кымбатаса!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан