Өлкөдөгү 453 айыл өкмөткө кызматтык жаңы унааларды сатып алуу сунушталды

Жогорку Кеңештин 15-февралындагы жыйынында депутат Сайдулла Нышанов өлкө аймагындагы 453 айыл өкмөткө кызматтык жаңы унааларды сатып алуу керектигин айтып чыкты. Анын билдиришинче, айыл өкмөттөрдөгү кызматтык унаалардын эскилиги жетип, жылына ар бирине 70 миң сомдун тегерегинде акча сарпталат.

"Айыл өкмөттөрдөгү кызматтык унаалардын эскилиги жетиптир. Ар бир айыл өкмөт жылына кызматтык унаага 70 миң сомдон коротуп оңдотот экен. Бирок ал да жетпей жатыптыр. "Өкмөт уруксат берсе, оңдоого кеткен каражатты топтоп жана башка мүмкүнчүлүктөрдү таап, өзүбүз эле Орусиядан чыккан Нива үлгүсүндөгү унааларга алмаштырып алат элек" деп кайрылып жатышат. Өкмөт ушул маселени карап чыгышы керек. Техника жок болсо аймактарда иш жүрбөйт", - деди Нышанов.

Депутаттын сунушу Жогорку Кеңештин жазгы талаа иштери боюнча кабыл алган токтомуна тапшырма катары киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
baltabaev
2018-02-15 23:48:26
Ай кыргызбайым ай
+1
Mers124
2018-02-16 00:04:46
Жапжаны ниваларды талкалап бүтпөдүбү. Жетимиш минге онолбогон не деген машина.
+2
nurbekasr
2018-02-16 00:29:23
Жаңы машине алып беришсе мейли го,бирок 70 миңге 35 нива оңдотсо болот орточо эсеп менен.Жаңы нива сатып берсе эскилерин силер депутаттар аласыңарбы.Жок дегенде бюджетти экономдоп ар бир 453 айыл өкмөткө дебей эле,айласыз машинеси жокторго кана алып бериш керек.Эгерде баарына алып берсең деле жарытылуу иш бүтүрбөйт.Баарына жаңы алып берсе 453 эски ниваны эмне кылышат.
+1
talaa11
2018-02-16 03:59:22
Кыргызстан учун чын дилинен кызмат кылган адам жоко эсе бир конкреттуу маселе которгон эч ким жок
+1
jbolotov
2018-02-16 11:29:01
Кызматтык машина менен мекенибиз онукбойт. Кайран акчалар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан