Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Үрөн фондусунан быйылкы жылы аймактагы дыйкандарга 600 тоннадан ашык картошканын үрөнүн таратып берүүнү пландоодо. Бул тууралуу министр Нурбек Мурашев Жогорку Кеңештин 15-февралдагы жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2017-жылы картошка айдоонун аянты 82 миң гектар болгон болсо, быйыл 84 миң гектарга жеткирүү пландалууда.
Депутат Азизбек Турсунбаев Жалал-Абад облусунун Чаткал жана Ала-Бука районунда дыйкандар үчүн үрөн маселе жаратып жатканын белгиледи. "Былтыры "АРИС" программасы аркылуу Чаткал районуна Машиналык-тракторлук станциялары түзүлгөн. Бул жагынан жакшы шарт түзүлүп жатканы менен, үрөндүн жоктугу түйшүк жаратууда. Учурда 50 тонна жазгы буудай, 11 тонна арпа үрөнү жетишсиз болуп жатат. Ошондой эле абал Ала-Бука районунда жаралууда. Бул райондо картошканын үрөнү жетишсиз болуп жатат. Жардам берип коюуңуздарды өтүнөбүз", - деп кайрылды депутат.
Министр Мурашев эки районго тең үрөн жагынан жардам бериле турганын айтты. "Чаткал районунун акими менен жолугуштум. Аким керек болгон 60 тоннадан ашык үрөндүн 16 тоннасына каражат табылып, калганына жок болуп жатканын билдирди. Биз үрөндү таап беребиз. Ал эми Ала-Бука районунун дыйкандары картошка үрөнү боюнча биздин адистер менен байланышса, аймактарга таратылчу картошка үрөнүнөн жардам беребиз", - деп жооп кылды министр.