Террордук чабуулдан улам кыйраган Ирак Республикасын кайрадан калыбына келтирүү үчүн Дүйнөлүк коомчулук 30 миллиард доллар каражатты инвестиция жана насыя түрүндө беришет. Мындай чечим Кувейтте өткөн донор болчу мамлекеттердин 3 күндүк эл аралык конференциясында кабыл алынды. Чечимге ылайык, эң ири сумманы Түркия 5 миллиард доллар, АКШ 3 миллиард доллар, Германия 350 миллион евро, Евробиримдик 400 миллион евро жана Персид аралындагы өлкөлөр беришет.
Германия Федеративдүү Республикасынын экономикалык маселелер боюнча министри Герд Мюллер: "Дүйнөлүк коомчулук Ирак Республикасын кайрадан калыбына келтирүү үчүн чогуу иштешүүсү керек. Жардамдын 90 пайызын 10 гана өлкө көрсөтүп жаткандыгы туура эмес", - деп билдирген.
Белгилей кетсек, Багдад бийлиги согуштан тарткан зыяндын жалпы суммасын 46 миллиард долларга баалаган.