"Кыргыз Республикасындагы мамлекет менен жеке менчиктин ортосундагы өнөктөштүк жөнүндөгү" мыйзамынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча парламенттик угуу өтүп жатканы жакшы. Анткени бул маселе 2010-жылдан бери актуалдуу”, - деп бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңеште вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев билдирди.
Кенекеевдин айтымында, мамлекет менен жеке менчиктин ортосундагы өнөктөштүктү ишке ашырууга коом даяр болуш керек. “Мисалы, коңшу өлкөлөрдү алсак, мамлекет менен жеке менчиктин ортосундагы өнөктөштүк менен өнүгүп кеткен мамлекет жок. Азыр инвесторлор өкмөт менен иш алып баргысы келбейт. Алар 100 пайыз өз алдынча иштегиси келет”, - дейт Кенекеев.
КДСП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров коңшу мамлекеттерде мамлекет менен жеке менчиктин ортосундагы өнөктөштүк жөнүндө мыйзам жоктугун эскертти. Ошондой эле эл өкүлү мыйзам менен Түркия, Корея өнүгүп жатканын кошумчалады.
Учурда Жогорку Кеңеште "Кыргыз Республикасындагы мамлекет менен жеке менчиктин ортосундагы өнөктөштүк жөнүндөгү" мыйзамынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча парламенттик угуу өтүп жатат. Иш-чарага вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.