Зарылбек Итибаев: "Кыргызгидромет алдыңкы 10 күндүн аба ырайын так айтып бере алат"

Кыргызгидромет азыркы убакта алдыңкы 10 күндүн аба ырайын так айтып бере алат. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коллегиясында Кыргызгидрометтин жетекчиси Зарылбек Итибаев билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Кыргызгидрометтин кызматкерлерин чет элге жумуштук сапарга эң көп чыккандыгы үчүн сынга алып, ар кандай семинарларга жана конференцияларга катышып келгенинин жыйынтыгы кандай болуп жатканына кызыкты.

Зарылбек Итибаевдин айтымында, кызматкерлердин мындай чет элдик жумуштук сапарга чыккандыгы иштерине жакшы таасирин тийгизүүдө.

"Эгерде биз мурун алдын-ала 3-5 күнгө аба ырайынын кандай боло турганын айта алсак, азыр 10 күнгө так маалымат бере алабыз. Ал эми 1 айга болжолдуу маалымат беребиз. Ошондой эле Илимдер академиясы менен биргеликте иш алып барып, гидрологиялык жана агрометеорологиялык божомолдорду жазып жатабыз", - дейт Итибаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
zevs
2018-02-16 14:06:51
bayagy itibaevpi?
-1
RusMos76
2018-02-16 14:50:40
Жаайт же жаабайт болсо мен 1жылга айта алам.
+2
Дарыгер
2018-02-16 20:08:42
Койчу качан эле туура айтты эле
0
Дарыгер
2018-02-16 20:08:54
Сайты барбы. Коройлу
0
adjo_krsu
2018-02-16 21:16:23
Шейх Гуглдан биз деле бир айдын прогнозун коро алабыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан