Артём Новиков кыргыз тилин мамлекеттин эсебинен үйрөнбөйт. Тендер жокко чыгарылды

Экономика министри Артём Новиковго жана министрликтин кызматкерлерине кыргыз тилин үйрөтүү боюнча тендер жокко чыгарылды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме мындай чечим чыгарганын аталган тендер коомдо түрдүү реакция жаралганы менен түшүндүрдү.

Айта кетсек, 12-февралда министрлик кызматкерлерине мамлекеттик тилди үйрөтүү боюнча тендер жарыялаган. Келишимге кол коюлгандан тарта үч ай ичинде министрлик кызматкерлеринин тил үйрөнүшү үчүн 288 миң сом коротмокчу болгон. Ал эми министр Артём Новиков үчүн үч ай убакытка 36 миң сом каралган.

14-февралда Артём Новиков эгер коомдо бул нааразычылыктарды жаратса, андан баш тартууга даяр экенин айткан. "Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил билүүнү жакшыртуу боюнча мамлекеттик программанын негизинде биз министрликтин бардык кызматкерлерине сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Анда министрликтин бардык кызматкерлери бул сунушту колдоого алышты. Бүгүн Экономика министрлигинин борбордук аппаратында 180 кызматкер бар, ал эми министрликтин бөлүмдөрүн кошкондо 350дөн ашык. Ал эми айына 12 миң сомдон кароо боюнча адистер иш алып барган. Мен жумасына 5 күн тил үйрөнүү курсуна катышам. Эгер бул чоң коомдук нааразычылыктарды жаратса, мен мындан баш тартып, өз эсебимден тил үйрөнүүгө даярмын", - деген Новиков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
dosym
2018-02-16 13:14:30
Эгер чындап эле таланттуу болуп экономиканы көтөрө алса, иштей берсин, бул го орус экен. орус тилин билбеген кыргыздарга не дейбиз
+9
Jigit.1982
2018-02-16 13:29:18
dosym,Кыргыз болгондон кийин кыргыз тилин билуу жетиштуу, Орусс тилин билуу шарт эмес.
+11
jbolotov
2018-02-16 13:22:31
Кыргыз тилин билбегендер Кыргыз мамлекетинде жогорку кызматта иштегенге болбойтурган закон чыкса жакшы болмок.
+13
samsungc3
2018-02-16 13:28:03
Алайган кебетеңе сенин)) Үйрөнбөсө койсун мамлекетке пайдалуурак иш кыла берсин.Бир эле орус кыргызча билбесе трагедия эмес,Накта кыргыз болуп туруп, өз тилин билбеген канчасы жүрөт.
+10
dinar-87
2018-02-16 13:29:06
Иштегиси келеби озу аракет кылып уйронсун иш бергенинер аз келгенсип тил уйротуп ага.
+5
barakcha
2018-02-16 13:46:12
Азаматсын Новиков!Элдин пикирине конул буруп койгонун жакшы болду...Эми Ийгилик сага!
+8
kyrgyz.kg83
2018-02-16 13:52:31
Тилди билбесе айдаш керек ен еле жөнөкөй маселе.он күндө таза кыргызча сүйлөп келет
+5
Nanei
2018-02-16 14:37:55
kyrgyz.kg83,кыргыз тилди билгендер кыйратып иштеп жатавы??? Мейли миилиард акчаны жей берсин,иши кылса эне тилин билсе болдукенда??
-4
zamir_kgz
2018-02-17 00:03:42
kyrgyz.kg83,ха ха ха тимеле койгулачы эми мамлекетибизге пайда тийип жатса эгер анда жайына койгула
0
Azatbek83
2018-02-16 13:56:34
Мына Журналистердин пайдасы коомго ушундай нерселерди алып чыгышат Болбосом оздору каалагандай болмок!Ошон учун бул жепжутаттар кабарчыларга тыйуу салышышат!
+6
NURTILEK_KG
2018-02-16 14:24:42
Орусча билбесен азыр ишке кире албайсын. Кыргызча билбегендер иштеп журушотко.
+4
Nanei
2018-02-16 14:36:30
А дейсинер,бу дейсинер,оруста уят бар,эл нааразы болгону учун тендерин алып салды,биздикилерин кыргызча так суйлошот,миилиард акча жешет,бирок уялбай эле кутулуп кетишет ко,озубуздун башывыздагы тоону да коро журсок бираз.
+1
futboler
2018-02-16 14:46:48
Министрликте жалаң орустар иштейт бекен
+3
Azatbek83
2018-02-16 15:00:29
futboler,Арасында копчулугу киргиздер экен!
+2
Nevestkaa
2018-02-16 18:44:55
Үйрөнгүсү келбесе жүрө берсин наушникти салып ою онго бөлүнүп.
+1
adjo_krsu
2018-02-16 21:24:12
3 айга 36 миң сом (охуууууу). Ал акчага мен 6 айда 3тил үйрөнсөм керек го деп ойлойм.
-1
zamir_kgz
2018-02-17 00:05:20
Мага келсин бекер эле уйротом соопчулукка
+1
zamir_kgz
2018-02-17 00:08:36
Американецтен Кытай Араб Индустардан да ишке алгыла Министирликтерге , мына так ошондо онуккон олколор катарына кошулабыз
-1
bermet104
2018-02-17 09:37:06
Прокурор айым Индира Жолдубаева кыргызча оюн түшүндүрүп сүйлөй албайт билишимче. Аларга талап кандай?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан