Өлкөдө жүрөк оорусунан улам күнүнө 50дөй адам каза болот. Бул боюнча бүгүн, 16-февралда саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Учурда саламаттыкты сактоо тармагында мамлекет менен жеке менчиктин ортосунда 4 долбоор бар. Алардын бири өлкөдө ангиография борборлорун ачууга багытталган. Дүйнөлүк стандарт боюнча 300 миң адамга 1 аппарат туура келет. Бирок бизде 2015-жылдан бери 4 гана аппарат коюлду. Мындан улам өлкөдө бир күндө жүрөк оорусунан 50 адам каза болот. Бул бир жылда 18 миң адам көз жумат деген сөз. Эгерде биздеги ангиография борборлорунун санын дүйнөлүк стандартка жакындаштырсак, бейтаптардын санын 90 пайызга кыскартмакпыз", - дейт министр.