Кош бойлуулуктун 9-айында кайыр сурап отурган келин: "Жашоомдун оордугунан бир нече жолу өмүрүмө кол салгам"

Бишкекте кош бойлуулуктун 9-айында кайыр сурап отурган Айжамал Казыева кечээ, 15-февралда көз жарып кыздуу болду. Ал буга чейин Ош облусунун Кара-Суу районунда жашаган. Күйөөсү 10 жаштагы кызы менен кошо таштап кеткен соң, борборго келип талаа жумуштарында иштеп жүргөн. Бул тууралуу ал өзү SUPER.KG порталына айтып берди.

"Өзүм 19 жашымда турмушка чыккам. Буга чейин 4 балам чарчап калган. Учурда 10 жаштагы кызым бар, жолдошум бизди таштап кеткен. Азыр анын кайсы жакта экенин эч ким билбейт. Оор турмуштун айынан шаарга келип, батирге чыккам. Төрөткө, тамак-ашка деп чогулткан акчамды үйүмө каракчылар кирип, бычак менен коркутуп уурдап кетишкен. Эч нерсеси жок калганда мечитке келип кайыр сурап, 150 сом чогулткам. Андан соң жер алдындагы адамдар өтүүчү жайга келип кайыр сурап баштагам", - дейт ал.

Тагдырдын оор сыноосуна кабылган Казыевага апасынан башка эч ким жардам бербейт. Ал жетишпеген турмуштан улам бир нече жолу өзүн-өзү өлтүргөнгө аракет кылганын айтты.

"Балким, атам тирүү болгондо мындай кыйын күндөрдү баштан кечирбесем керек. Менин 7 эжем, 2 агам бар, алар менин аталаш бир туугандарым, апабыз башка. Алардан эч кандай жардам жок, үмүттөнүп күтпөйм деле. Атамдын каза болгону, наристелеримдин чарчап калганы мен үчүн оор сокку болду. Бир канча жолу өзүмдү өлтүргөнгө аракет кылып уксус ичип, асынып алганга аракет кылгам. Бирок убакыт өткөн соң кызым жана апам үчүн жашаш керек экенимди түшүндүм", - дейт Казыева.

Айжамал Казыева учурда төрөт үйүндө, эне-баланын абалы жакшы. Бирок ал төрөт үйүнөн чыккандан кийин каякка бара турганын азырынча билбейт. Жардамга муктаж келинге жардам бергиси келген кайрымдуу жарандар анын 0772 731 394 телефон номери аркылуу байланышка чыга алышат.

12 бир тууганы туруп бара турган жайы жок, кайыр сураган эне көз жарды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
bosmos77777
2018-02-16 18:48:36
Туугандары каралашып койушсун!!! Жаман корбогуло.
+11
talaa11
2018-02-16 18:51:34
Мээрим кризиздик уюмуна кайрылып корсо кандай болот эле
+9
muslim87
2018-02-16 19:18:47
talaa11,туура айтасың Мээрим кризистик борборуна кайрылсын, ансыз деле алар кылаарга иш таппай отурат. Иши жок Чубак ажыга азылышты эле аданда пайда чыкпады. Ушулардын укугун коргосун
+7
AKCAHAT
2018-02-16 20:01:32
muslim87, жанакы 30 жаштагы баласы жок, иштеген иши бар суйгонун таштап ушундай подземкада, кочодо кайыр сураган, бараар жери жок, ичээр суусу жок келинди алсын ошондо эч Ким асылбай калат
+15
mela
2018-02-16 20:42:19
talaa11,Мээрим эмес СЕЗИМ кризис тик борбору
+2
Batma08
2018-02-16 19:24:35
Азыркы кызынын атасы ба бекен
+2
saza20
2018-02-16 19:33:01
аталаш бир тууган болсо да каны бир 12 бир тууганы бар экен. эн жакшы эн кучтуу сооп туугандарынын балдарына каралашып суйунтконун дешет. бул турмушта ачуу-таттуу, дуйно-мулк калат сооп садака гана адамдык сапатты бул дуйнодо да аркы дуйнодо да сактайт. угушту бекен бир туугандары.


мен да памперс балага кийим кече берейин кайдан алып барам.
кайсы торотканада
+4
AKCAHAT
2018-02-16 19:58:47
Жанакы кыргыздын кыздары кор болуп кетишти, турк кытайга тийишти, кочодо калды ошенткенче токол болуп кыргызды кобойтсун дегендер чыккыла алтындарым. Мына сага сооп, мына бир кыргыз га болсок да кобойдук багып токол кылып алгылачы кор кылбай.
+18
bosmos77777
2018-02-16 20:18:36
AKCAHAT,Багып алабыз ! Конот бекен ? Аксанат дегеле. Мааниси башка турк,кытай, индус,пакистандын уругу. Кыргызды "жок" кылат. Бул кыздын аталаш туугандары,апасынын тага журту бардыр. Бир жолу жаман ойдо болбогун. Энеси тузук эле. Озунун каржысын. Озу чечкен инсан экен.
-7
AKCAHAT
2018-02-16 23:41:46
bosmos77777, ошо тагасы агасы, иниси синдиси, тууган уругу, кошунусу айылдашы дегеле эч кимден жардам болбогону учун ушунтип торойун деп калганда сызда олтуруп кайыр сурап калса керек. Тим эле патриот боло бербегилечи жону жок. Силердин ураан мн коштолгон патриот созунор "на словах Лев Толстой а в делах бир нерсе простой" дегени)))тоже мне алайлы макул болобу? дейсинер жашоодо супсулуу торобогон солкулдак келинден козунор отот, мындай жудогон келиндерге маани дагы бербейсинер.
+14
ulua
2018-02-17 14:06:58
AKCAHAT,туура эркектер шалдырап эле эмне болуп калды озу дармандары келбей ичип чычып эле уй булоону таштап чыгып кетип, кара жанды карч уруп аракет кыла бергиле болот да акыры бирдеме, аялдарго тууйт экен ал багыш чонойтуш тарбия бериш экен иштейин дешсе!!!
+3
moskoy
2018-02-16 20:08:07
Чубак ажы нике кыйып алып алса сооп болмок.
+24
zamir_kgz
2018-02-16 23:49:04
moskoy,Чубак ажынын бешигин терметтин беле? КРда демократия! Ажы аке да адам да тазабы таза эмеспи карап уйлонот.
-13
moskoy
2018-02-17 00:23:21
zamir_kgz,Мен чубак ажынын апасынанда улуумун 63 келдим .Сен сенсиребе.
+4
aman0296
2018-02-16 20:28:19
Ушундай аялдарды багышбайбы 2 аял алып сооп алам дегендер. Жаш кыздарга уйлонуп алып, сооп алам дебей. Аларга сооп учун эмес, озу учун алып жатпайбы
+5
zamir_kgz
2018-02-16 23:42:09
aman0296,ошол жаш кезинде тийип алышпайбы! Кыз боозу - энесин коркутат болушуп, жаш кезинде койкондошуп журушот эркектерди импотент кылып ар жерин корсотушуп. Качаан гана жараксыз болгондо эркектерди намысына тийишип калышат дегеле буларды. Ошол азыркы баланын атасы кайда экен? Булар 5-10 минут рахат алышсын ар ким менен анан биз эркектер уйлонуп багайлыбы?
-3
Batma08
2018-02-17 00:57:44
zamir_kgz,хаха келиштирип жазыпсынгоо. Кудай билет бирок анча ишеналбадым бул кызга. Озунчоле суйлоп койгон экен ютупта. Озу туугандары менен келишалбайт окшойт пейили жаманбы мага ошондой сезилди
-1
saza20
2018-02-20 10:56:56
Batma08, болушу мумкун.
0
33SUUN
2018-02-16 20:32:36
Кыйынчылыкты сабыр менен женген жакшы.Оз омуруно кол салган кудайга жакпайт.Сабырдуу бол.
+3
Baku88
2018-02-17 02:34:07
Кыздарынын өмүрүн берсин бактылуу кыздардын катарында болсун сен көргөн кыйынчылыкты эки кызын корбосун. Эми ушул эки кызынын келечегин ойлоп жашоон үчүн күрөш
+4
rysik79
2018-02-17 05:03:21
Сабыр. Ал дейбиз бул дейбиз башыбызга оор тагдыр салса не дейбиз. Аллахыбыз берет ырыскысын да мээримин да. Ден соолуктары болсо эне баланын Айжамал баарынан бай адам болот.
+1
Nora
2018-02-17 07:37:37
kyinalsa da eptep chonoitup alsa ertenki kunu uchul kyzdar apaa dep ailanyp turushat takl chto sabyrduuuluk kaaalaim.
+1
rysik79
2018-02-17 08:23:50
Бишкек коз жашка ишенбейт. Москва слезам не верит деп россияда журушпойбу. Сен Айжамал эшикте калбайсын буйруса оз эли жериндесин го. Аталаш бир туугандарын менен да кезигишкен кунун келээр. Жашоо бумеранг да..
+1
SIMA_kg
2018-02-17 08:46:08
AKCAHAT, сенин ишин эмне кимге уйлонот, ар ким озун билсе биринчи орунда.
-2
ruskarakol
2018-02-17 08:59:14
аман эсен кичинекейи чонойуп алсын.
буюрса айлык алсам номерине байланышка чыгып мен да жардам берем иншаллах.
жанагы биздин челейген 120 малыбыз ушундайларга жардам корсотсо жакшы болмок.
бирок ал малдардан жардам эмес,жакшылык кутпой калдык го
+1
JaneEr
2018-02-17 13:21:54
Азыркы жаны торолгон ымыркайдын атасы каякта экен.Издешпейби.Алданып калганго бул келин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан