"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Инспекция башчысы: "Баткенде малдарга бирка басуунун баасын өкмөт жана жергиликтүү кеңештин депутаттары бекитишкен"

Баткен облусунун аймагында ири мүйүздүү малдарды идентификациядан өткөрүү кызмат акысы 80 сомго чейин болууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-февраль күнү SUPER.KG порталына Баткен облусу боюнча ири мүйүздүү малдарды идентификациядан өткөрүү инспекциясынын жетекчиси Эркин Таштанов билдирди.

Анын айтымында, бирканын жана аны басуу кызмат акысын өкмөт жана жергиликтүү кеңештин депутаттары бекитип берген.

"Өлкө аймагындагы мал жандыктарды идентификациядан өткөрүү долбоорун ишке ашыруу үчүн биз өкмөттөн 28 миллион сом насыя алганбыз. Аны 2018-жылдан баштап биркалардан түшкөн каражаттын эсебинен төлөй башташыбыз керек. Ошол себептен бизге биркалар 37-38 сомдон келет. Ал эми 30 сом жеке мал доктурдун кызмат акысын айылдык кеңештин депутаттары бекитип беришкен. Анткени жеке мал доктурлар мамлекеттен айлык алышпайт, ошол себептен кызмат акысы акылуу. Өлкөдө идентификация милдеттүү түрдө жүргүзүлөт. Биркаларды негизинен Орусия мамлекетинен алып келишет", - деп билдирди ал.

Айта кетсек, буга чейин окурман SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө "Биркаларды өкмөт кайдан сатып алып, кандай тарифте эсеп кылып 70 сом деген баа койду? Бай мамлекетте да мынчалык баа жогору эмес. Биз, өзүбүз кедей мамлекет болсок, анан кайдагы 70 сомду коюшканын түшүнбөйсүң" деген билдирүүсүн жиберген.

Расмий маалыматтарга ылайык, Баткен облусу боюнча учурда 152 миңге жакын мал жандыгы идентификациядан өткөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asat17
2018-02-16 20:35:39
Экинчи суроттогу уйдун маанайы жок го))))
-1
Kemel29101981
2018-02-17 00:33:56
Бирканын баасы максимум 5-7 сом турат. Калганы коррупция
0
Kemel29101981
2018-02-17 00:47:24
Эмне себептен 38 сом. 28000000дун 80-90%тин жеп коюптур. Прокуратура ушуга окшогондорго кылмыш козгойбу деги. Бул дагы баткенде эле, республика бойунча миллиардтарды жешиптир. Бул кимдин схемасы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан