Бишкек шаарындагы мектептердин коопсуздугу күчөтүлдү

Бишкек шаарында жайгашкан мектептердин коопсуздугу күчөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн SUPER.KG порталына шаардык билим берүү башкармалыгынан Фатима Алымбаева билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чаралар №73-мектепте болгон окуядан кийин кабыл алынган.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районунда жайгашкан №73-мектепте 4-класста окуган кызды зордуктоого аракет кылган адам кармалган.

"Бул иш боюнча атайын комиссия түзүлүп окуя болгон жерге барып ата-энелер, окуучулар менен чогулуш өткөрдүк. Бул мектептин коопсуздук кызматы менен болгон келишим бир тараптуу бузулду", - деди Алымбаева.

Ошондой эле ал коопсуздук кызматы менен ата-энелерден турган мектептин коомдук фонду келишим түзөрүн билдирип: "Атайын комиссия коопсуздук агенттиктердин жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Эми мектептердеги коопсуздук күчөтүлөт. Окуучулардын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча маселелер ата-энелер чогулуштарында да көтөрүлөт", - деп кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан