2017-жылы пландаштырылган 211 телевизиондук ретранслятордон 192си орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору Эльназар Субакожоев билдирди.
Анын айтымында, санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлорду орнотуу боюнча иштер 3 этапта өтүүдө. 1-этап боюнча 65 ретранслятор орнотулган, 2-этап боюнча 75 ретранслятор жана 3-этап боюнча 71 ретранслятор.
"Пландаштырылган 211 ретрансляторлордун арасында 192си орнотулуп, дагы 10 ретранслятор орнотууга даярбыз. Ошондой эле 9 ретранслятор запаска калтырылган. Азыркы тапта Кыргыз Республикасынын аймагы санариптик телеберүү менен 99 пайыз камсыздалган", - дейт Эльназар Субакожоев.
Ошондой эле ал 192 ретрансляторлордун 66сы Ош облусунда, 52си Жалал-Абад облусунда, 26сы Баткен облусунда, 20сы Нарын облусунда, 14 ретранслятор Ысык-Көл облусунда, Чүй облусунда 13 жана Талас облусунда 1 ретранслятор орнотулган.