Кытай Мамлекеттик комитетине караштуу Окутуу башкармалыгынан Кыргыз студенттерине өкмөттүк стипендиялык 11 орун берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өкмөттүк стипендиялык 11 орун эки өлкөнүн ортосундагы келишимдин негизинде берилген.
"2006-жылдын 27-ноябрында Кыргыз жана Кытай мамлекеттеринин ортосунда Билим берүү жаатындагы кызматташуу боюнча келишим түзүлгөн. Аталган стипендиялык орундарда бакалавр, магистр, докторант даражасын улантып окууга болот. Андан сырткары тил үйрөнүү үчүн тажрыйба алмашууга да орун берилген", - деп басма сөз кызматы билдирди.
Айта кетсек, аталган стипендиялык окутууга документтерди кабыл алуу 7-март күнү соңуна чыгат.