Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков АКШнын Флорида штатындагы мектептеги ок атуудан курман болгондорго байланыштуу АКШнын президенти Дональд Трампка көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
"Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өз атымдан Флорида штатында болгон трагедияга байланыштуу чын ниетимден көңүл айтам", - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.
Сооронбай Жээнбеков курман болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, ошондой эле жабыркагандардын баарына тез арада сакайып кетүүсүн каалай турганын билдирип коюуну өтүнгөн.
Белгилей кетсек, Флорида штатынын Паркленд шаарындагы "Stoneman Douglas High School" деп аталган орто мектепте 14-февраль күнү ок атуу болуп, кеминде 17 адам каза болсо, 50дөн ашык адам жаракат алган. Ал эми полиция кызматкерлери аталган окуяга шектүү катары ушул эле мектепти бүтүп кеткен 19 жаштагы Николас Круз аттуу адамды колго түшүрүшкөн.
Айрым маалыматтар боюнча, кармалган адам "Флорида "актардын штаты" болушу керек деген ураанды карманган "Флорида республикасы" уюмуна мүчө болгону аныкталган. Андан кийин полиция Круздун үйүнө барып, анын колдонгон компьютерин жана ал катталган социалдык баракчаларын текшерүүгө алган. Текшерүү учурунда анын социалдык баракчаларында тапанча жана бычак кармап түшкөн сүрөттөрү жүктөлгөнүн көрүшкөн.