Эми жол эрежелери бузулганына күбө болгон жарандар ИИМге сүрөт, видеолорду бөлүшө алышат

Эми сиз жол эрежелери бузулган учурларга туш болсоңуз билдирүүңүздү, арызыңызды Ички иштер министрлигине түз билдире аласыз. Бул үчүн аталган министрликтин алдындагы Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы атайын байланыш номурларын жарыялады.

"Жол эрежелери бузулганына күбө болсоңуз маалыматты, сүрөттөрдү жана видеолорду жөнөтүңүз. Жалпы жарандар менен биргеликте жол кырсыктарынын алдын алабыз", - деп жазылат башкармалыктын маалыматында.

Жарандардын билдирүү, арыздарын кабыл алган ыкчам кызмат ушул жылдын башынан тартып ишке киришти.

Жалпы жарандардан жол эрежелеринин сакталбагандыгы тууралуу видео, сүрөт, арыздарды кабыл алуу үчүн 0706 63 09 00 WhatsApp номери иштейт. Бишкек шаардык Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын ишеним телефону (0312) 63 09 00.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuba-savai87
2018-02-17 01:12:23
Мен мурун эле жол эрежесин одоно бузуп кеткендерге 102 ге билдирип унаанын онун жана номерин айтчумун. Туура эле кабыл алып рахматын айтышчу.
+1
BekAmir
2018-02-17 12:39:15
Туура
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан