Вице-премьер райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында чоң коррупциялык иштер бар экендигин айтты

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 16-февралда 2017-жылдагы ишинин жыйынтыктары жана 2018-жылга коюлган милдеттери боюнча коллегиялык кеңешмесин өткөрдү. Министрдин орун басары Жылдыз Полотова маалымат берип жатып бүгүнкү күндө экономикалык кыйынчылыктарга карабастан мамлекет тарабынан кепилдик берилген социалдык төлөмдөр толук көлөмдө төлөнүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, 2018-жылдын 1-январына карата жөлөк пул жана компенсация түрүндөгү социалдык төлөмдөрдү 470 миңден ашуун адам алды.

Жыйынга катышкан вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчилерин жөлөк пул алгандардын саны жогорулагандыгына байланыштуу сынга алды. Ошондой эле райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында чоң коррупциялык иштер бар экендигин белгиледи.

"Сиздер айлык акыны жогорулатууну өтүнөсүздөр, ошол эле учурда төмөнкү айлык акылуу жумушка Жогорку Кеңештин депутаттары аркылуу орношосуздар. Сиздер айлык акынын төмөндүгүнө карабастан иш ордуңуздарды бошоткуңуздар келбейт. Анткени анда коррупциялык схемалар бар", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
munar1980
2018-02-17 01:53:48
точно райондордо карупция күч алган
0
kamchatka
2018-02-17 10:00:15
оба райондордо жана ак уйдо корупциялык схема бар козуну май басып калган окшойт Чолпон парламентке келип калсам 50мин сом суйунчу пул беремгоем жаны торолон балага деп айтын элего эмне болду ошол берген антын!
0
moskoy
2018-02-17 12:23:00
Американы ачкандай суйлоп турго .Кайсы тармакта жада калса озу отурган ЖКда коррупция бар экени жанылык эмес экени белгилуу да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан