2017-жылы эмгек мигранттары Кыргыз мамлекетине 2 миллиард 482 миллион доллар которушкан

2017-жылы эмгек мигранттары Кыргыз мамлекетине 2 миллиард 482 миллион 200 миң доллар которушкан. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка караганда, өлкөгө келген акчанын 90 пайыздан көбү Орусиядан которулат. Өткөн жылдын декабрь айында 194 миллион 300 доллар которулган болсо, ноябрь айында ага караганда 10 миллион 900 миң сомго аз которулган. Жыл ичинде эң көп суммадагы акча которуулар август айында болгон.

Бир жылдын эсеби боюнча Кыргыз мамлекетинен сыртка 451 миллион 900 миң доллар которулган. Бул сумманы эске алганда өткөн жыл аралыгында өлкөгө кирген акчанын көлөмү 2 миллиард 30 миллион 300 миң долларды түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан