Орусия Кыргыз мамлекетинен алып барылган 4 тоннага жакын азык-түлүктөрдү артка кайтарды

Орусия Кыргыз мамлекетинен алып барылган 4 тоннага жакын азык-түлүктөрдү артка кайтарды. Орусиянын айыл чарбаны көзөмөлдөө кызматынын сайтындагы маалыматка караганда, тийиштүү кызматтар тарабынан 13-февраль күнү Оренбург облусундагы "Сагарчин" көзөмөл өткөрүү жайынан Кыргыз өлкөсүнөн ташылып бараткан 1 тонна 600 килограмм күрүч жана 2 тонна төө буурчак текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган азык-түлүктөрдүн сапатына кепил болчу фитосанитардык документтери жок болуп чыккан. Мындан улам Орусиянын мыйзамдарына ылайык, административдик укук бузуу боюнча иш козголуп, азык-түлүктөр артка кайтарылды.

Бул азык-түлүктөр Орусиянын Москва шаарына алып барылып сатылмак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
rysik79
2018-02-17 08:44:13
Бат бузулчу зат эмес экен кантсе да.
0
Dembele84
2018-02-17 08:56:50
Озу евросоюзга киргени менен толк жок болуп жатканын билишет,ошончо тоннаны алып отконго жараша документтерин тактап чыгыш керек да жолго.Кыргызчылык кылып жуктоп алып уруп жонобой.
+4
vavilon.
2018-02-17 10:21:45
Dembele84, Евросоюзга дегиле ))
0
jbolotov
2018-02-17 09:25:58
ЕАЭС ке кирсен эч кандай тоскоолдуксуз Россиянын Казакстандын базарларына жол ачык деген реклама кана? Жээнбеков барып Атамбаевдей болуп жалпандап кел, Путин дагы бирдемени каалап аткандыр. Атамбаев озу эле аз келгенсип Кыргыз элинда Россияга букуройтуп салды акмак.
+1
Asel1Aikol
2018-02-17 09:52:06
jbolotov, фитосанитардык документы жок болуп артка кайтарылса Жээнбеков эмне деп барсын
+3
yasin11
2018-02-17 10:23:36
Кыргыз менен казактын таможныйынан кантип отту экен документтери толук болбосо
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан