Эми Өзбекстанда коммуналдык кызматтардан карызы бар жарандарга өлкөдөн чыгууга тыюу салынат

Өзбекстанда 2018-жылдын 1-майынан баштап коммуналдык кызматтардан карызы бар жарандарга өлкө аймагынан чыгууга тыюу салынат. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары өзбек эл башчысы Шавкат Мирзийоевдин билдирүүсүнө таянып жазып чыгышты.

"Карызы бар жарандардын базадагы тизмегин эми коммуналдык кызматтардан да карызы бар жарандар толуктайт. Ошол себептен тийиштүү мекемелерге 2 ай ичинде аталган мыйзамды аткаруудагы эрежелерди белгилеп чыгуу тапшырылды", - деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, базанын тизмесинде бар жеке адамдарга жана юридикалык жактарга чоң келишим түзүүгө, аны менен катар каржы насыяларды алууга жана мамлекеттик кызматтарды пайдаланууга тыюу салынат. Президенттин көрсөтмөсүнүн негизинде эми Өзбек Башкы прокуратурасына караштуу Мажбурлап аткаруу бюросу коммуналдык кызматтардан карызы бар жарандардын насыялык картасынан ай сайын акча котортуп алууга укук алышат. Ал үчүн карыз талаш маселени жаратпастан, эсептен чыгаруу 2 айлык маянанын акчасынан жогору болбошу керек.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасына караштуу Мажбурлап аткаруу бюросу 2017-жылдын 30-май күнү түзүлгөн. Аталган мекеме кенен ыйгарымдуу укуктарга ээ. Анын ичинде эгер колдонуучулардын карызы болсо, газ жана электр жарыгын өчүрүп кете алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан