Бишкек жана Жалал-Абаддын айрым жерлеринде газ берүү убактылуу токтотулат

19-21-февралда Жалал-Абад, 20-22-февралда Бишкек шаарынын айрым жерлеринде газ берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ААКынын маалымат кызматы билдирди.

19-февраль күнү Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө, 21-февралда Вагутин көчөсүндө газ өчүрүлөт. Ал эми Бишкек шаарынын Киев, Тыныстанов, Абдрахманов жана Чүй көчөлөрүнүн жашоочулары 20-22-февраль күндөрү көгүлтүр отсуз калышат.

Белгилүү болгондой, мындай абал оңдоо жана калыбына келтирүү иштери менен байланыштуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан