Кыргыз өлкөсүнөн Москва шаарына мыйзамсыз жөнөтүлгөн күрүч жана төө буурчак кармалып, артка кайтарылды

Кыргыз өлкөсүнөн Москва шаарына сатууга жөнөтүлгөн күрүч менен төө буурчак жүктөлгөн фура Орусиянын Оренбург облусунда кармалды. Мындай маалымат Орусиянын Айыл чарбаны көзөмөлдөө мекемесинин расмий сайтына жарыяланды.

Белгилүү болгондой, бара жаткан азыкты аталган мекеменин кызматкерлери Оренбург облусунун аймагындагы Акбулак районундагы "Сагарчин" көзөмөл-өткөрүү пунктуна жөнөп жаткан жеринен кармашкан.

"Оор жүк ташуучу унаадан 4 тоннага жакын күрүч жана 2 тонна кургатылган төө буурчак алынган. Аталган азыктар фитосанитардык тастыктамасы жок жөнөп жаткан. Катталган факты боюнча Орусиянын өсүмдүктөргө карантин камсыз кылуу боюнча мыйзамынын негизинде жөнөп жаткан азыкка административдик укук бузуу боюнча кылмыш иши козголуп, товар артка кайтарылды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zhoodarbek-myrza
2018-02-17 16:24:44
Ошол жерге чейин кантип отуп барып калды экен? Кызык.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан